Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 15:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкектин батыш тарабындагы Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

12.08.2022 16:15
955
Бишкектин батыш тарабындагы Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылат

Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоп-түзөөгө байланыштуу Дэн Сяопин жана Барпы Алыкулов ккөчөлөрүнүн кесилишкен жери жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 15-августтан тартып 24-августка чейин Бишкек-Кара-Балта унаа жолун оңдоп-түзөөгө байланыштуу Дэн Сяопин көчөсүнүн Кустанайский көчөсүнөн тартып, Ключевая көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу 10 күнгө жабылат. Ошондой эле Алыкулов көчөсү Дэн Сяопин көчөсүнүн кесилишкен жеринен тартып, Белогородский көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.


Жогорудагы чектөөлөрдү эске алып, кайгуул кызматы айдоочулардан жолдо жүрүү учурунда маршруттук жолду алдын ала пландоо менен кошумча альтернативдик жолдор менен жүрүп турууну өтүнөт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн