Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт

14.05.2024 16:35
234
Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт


Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер астындагы төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 15-майдан 17-майга чейин Дача көчөсү, Керченский тар көчөсү, Кайынды көчөсү, Элебесов көчөсү, ЧЧК, Кара-Жыгач багы, Фирсов көчөсү, Фере көчөсү, Арал көчөсү менен чектелген аймакта газ берүү токтотулат.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн