Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкектин бир катар көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштар алынды

16.03.2020 10:47
978
Бишкектин бир катар көчөлөрүндөгү мыйзамсыз курулуштар алынды


Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" жаңы конушунун бир катар көчөлөрүндө мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кыматынан билдирди.


Аталган конуштун Көкчө-Тоо көчөсүндөгү 285-үйдүн маңдайындагы узундугу 30 метр жана коңшу үйдүн 12 метрлик темир тосмолору алынды.


"Арча-Бешик" жаңы конушунда уруксат берүүчү документтери жок салынган павильон жана Шералиев көчөсүнүн боюнда мыйзамсыз орнотулган 20 тонналык контейнер алынды.


Мындай иш-чаралардын жүрүшүнө Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына мыйзамсыз курулуш жана жарнамалык конструкция маселелери боюнча 9 шаар тургунунан келип түшкөн арыздар негиз болгон.


Аталган башкармалыктын жетекчиси Иманакун уулу Талантбек шаардыктарды, жеке ишкерлерди, муниципалдык жерлерди ижарага алуучуларды жерди пайдалануу жана соода эрежелерин сактоону суранды.


"Бишкек шаарынын мэриясы эреже бузгандарды катуу тартипке салат. Мыйзамсыз орнотулган же максатсыз түрдө борбордун аймагында пайдаланылып жаткан объекттер алынат", - деп эскертти мэрия.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн