Теке 27, 2024
Убакыт: 10:18
USD
EUR
RUB

Бишкектин борбордук аянтында башкы балаты орнотулууда

29.11.2023 09:57
217
Бишкектин борбордук аянтында башкы балаты орнотулууда


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев баш калааны көрктөндүрүү маселеси боюнча кыдыруу өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы Ала-Тоо аянтынын аймагын кыдырып, борбордун башкы балатысынын орнотулушу менен таанышты.

Калаа башчысы кыдыруу учурунда төмөнкү тапшырмаларды берди:

- шаардын бирдиктүү стилин иштеп чыгуу жана борборду жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштердин сапатына басым жасоо;

- "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы эски системанын чегинен чыгып, көрктөндүрүүдө заманбап ыкмаларды колдонуп, борбор калаанын эстетикалык көрүнүшүн эске алуу менен күзгү-кышкы бутоо иштерин жүргүзүү, ошондой эле "Ак үйдүн"периметри боюнча сейил бактардын жана скверлердин ландшафттык дизайнын иштеп чыгуу

- "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына 2024-жылы Раззаков көчөсүндөгү тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү;

- туунун айланасындагы тосмолорду эстетикалык көрүнүшкө ылайык келтирүү, анткени бул аймак шаардын борбору болуп саналат;

- Ала-Тоо аянтынын аймагындагы гүл идиштердин эстетикалык көрүнүшүн шайкеш келтирүү;
- борборду натыйжалуу көрктөндүрүү системасын иштеп чыгуу;

- келечекте шаардын бардык аймагында окшош долбоорлорду колдонуу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн