Бугу 18, 2024
Убакыт: 12:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн суу болбойт

06.07.2023 17:25
293
Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн суу болбойт


Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күн суу болбойт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-июль саат 08:00дөн 13-июль саат 08:00гө чейин Фрунзе – Аламүдүн дарыясы – темир жол линиясы – Панфилов көчөсү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Суу берүү алдыдагы күз-кыш мезгилине байланыштуу Көк-Жар суу алгычында профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу токтотулмакчы. Иш-чара таза суу системасын келерки сезонго даярдоого, шаардын бардык тургундарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну белгиленген мөөнөткө чейин камдап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн