Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 15:16
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 986 маршрутка чыгарылды

09.02.2024 13:27
440
Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 986 маршрутка чыгарылды


Бишкектин борбордук көчөлөрүнөн 986 маршрутка чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.


Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү эки тарапка тең бошотулду. Эми бул тилкеде маршруткалардын ордуна автобустар жүрө баштады.


Ошондой эле бүгүнкү күндө Байтик Баатыр көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгүн маршруткалардан бошотуу долбоорлору иштелип чыкты. Бул жерде дагы 2 маршруттук линия автобустарга алмаштырылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн