Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 09:57
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Бишкектин борборунда дагы бир гүл бакча пайда болот

07.02.2023 15:01
221
Бишкектин борборунда дагы бир гүл бакча пайда болот

Бишкек шаарындагы Абдрахманов көчөсү менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жаңы гүл бакча пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.


Аталган иштер борбор калааны көрктөндүрүүнү жана жашылдандырууну колго алуу чараларынын алкагында жасалып жатканы айтылды.

"

Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан №176 үйдүн жашоочулары Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловго сквер салуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Андан кийин көп кабаттуу үйдүн алдындагы жеңил курулуштарды алуу иштери башталган", — деп билдиришти мэриядан.

Кеп болуп жаткан соода жайларынын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Аларга соода кылуу үчүн шаардыктарга ыңгайсыздык түзбөгөн башка жактан жер бөлүп берилери айтылган.


"Киев көчөсүнөн "Ордо" бизнес-борборуна чейинки жолду (Абдрахманов көч. — ред ) бойлото коюлган объектилердин бардыгы алынат", — деп айтышты мэриядан.

Ал эми эскисинин ордуна заманбап, жылууланган, адамдын жүзүн тааный турган камера орнотулган аялдама куруларын билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн