Бишкектин борборунда мыйзамсыз курулуш токтотулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Абдрахманов көчөсү 176 дарегинде текшерүүнүн жүрүшүндө көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат кагаздары жок жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле объектинин белгиленген тартипте багытын алмаштыруу (перепрофилирование) боюнча уруксат албагандыгы-бул шаар куруу нормаларынын бузуу болуп эсептелет.
Натыйжада курулуш иштери токтотулуп, жооптуу тарапка “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 144-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 23 000 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.
Мындан тышкары, бузулган эрежелерди жоюу жана тиешелүү документтерди тапшыруу боюнча көрсөтмө берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн