Бишкек шаарынын бюджетинин төмөндөшү 4 айындын ичинде 900 миллион сомдон ашты. Бул тууралуу 7-майда болгон брифингде борбор калаанын вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, салыктык кирешелердин түшпөй калуусуна чакан жана орто бизнестердин токтошу себеп болгон.
"Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 4 айында бюджеттин
төмөндөшү 900 миллион сомдон ашты, анын ичинде март жана апрель айларында – 266,9
миллион сом жана 398,4 миллионн сомду түздү. Ошондой эле бүгүнкү күндө 2020-жылдын
кирешесинин түшүшү алдын ала эсептөөлөр боюнча 1 миллиард 791 миллион 100 миң сомду
түзөт", - деди Бакетаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн