Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 21:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар кайсы райондорго кошулары белгилүү болду

01.03.2024 13:08
222
Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар кайсы райондорго кошулары белгилүү болду


Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар кошулгандан кийин борбор калаада райондордун саны көбөйбөйт. Бишкек шаардык кеңешинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте алар кайсы районго кошулары көрсөтүлгөн:

1. Ленин районунун аймагына Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактары;

2. Октябрь районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

- Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл аймагы;

- Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылы;

- Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Анар-Бак конушу жана № 544, № 545, № 552 контурлары;

3. Биринчи май районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

- Аламүдүн районунун Маевка, Пригород айыл аймактары;

- Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын Алтын-Казык конушу;

- Сокулук районунун Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контуру;

4. Свердлов районунун аймагына төмөнкүлөр кирет:

- Аламүдүн районунун Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айыл аймактары;

- Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылы жана Ак-Жа», Нуркожо-Ата жана Адилет конуштары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн