Аяк оона 03, 2025
Убакыт: 13:27
USD
87.20
87.70
EUR
101.10
102.10
RUB
1.080
1.105

Бишкектин четиндеги эко-резорттун ээси мыйзамсыз курулуш боюнча кармалды

03.09.2025 10:54
10
Бишкектин четиндеги эко-резорттун ээси мыйзамсыз курулуш боюнча кармалды


Бишкектин четиндеги "КБ" эко-резорт эс алуу жайынын ээси Э.Ш.Ж. айыл чарба багытындагы жерлерге өз алдынча мыйзамсыз коммерциялык объекттерди куруу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.


Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК тарабынан "ЭЭ" ЖЧКсынын директору, "КБ" Эко-резортунун ээси Э.Ш.Ж. Арашан айыл аймагында жалпы аянты 6,1 га болгон жайыт жерлерин өз билемдик менен ээлеп алгандыгы жана капиталдык курулуштарды, тагыраагы 15 конок үйү, банкеттик залдары бар мончолорду, ресторанды, 2 кабаттуу административдик имаратты, банкеттик залды, 3 кабаттуу курулуп бүтө элек имаратты, кабиналарды, беседкаларды жана башка чарбалык курулуштарды курдурганы аныкталган.

Жогоруда аталган объектилер архитектура жана экология органдарынан эч кандай долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтерисиз курулган, ошондой эле жер участогун трансформациялоо жана кадастрлык органдарда каттоодон өткөрүү жок, бул жер жана шаар куруу мыйзамдарынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналат.


Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында эс алуу жайынын ээси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда жогоруда аталган факты боюнча башка шериктештерди, анын ичинде кызмат адамдарынын ичинен дагы аныктоого багытталган кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн