Кулжа 27, 2024
Убакыт: 15:35
USD
86.20
87.10
EUR
92.00
93.00
RUB
0.980
1.035

Бишкектин четиндеги тигүү цехинде чет элдиктер кулчулукта иштетилип келген

20.06.2024 16:56
203
Бишкектин четиндеги тигүү цехинде чет элдиктер кулчулукта иштетилип келген


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкете жеңил өнөр жай тармагындагы мыйзамсыз иштерге бөгөт койду.

Атайын кызмат миграциялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тигүү цехинин ээси тарабынан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана кызматкерлердин тийиштүү эмгек шарттарын камсыз кылуу жаатында одоно мыйзам бузуу фактыларын аныктады.

Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, анын натыйжасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз пайдалануу менен тигүү цехин уюштурган Ж.А. аттуу жаран аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 19-июнунан 20-июнуна караган түнү Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан цехтердин биринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда Түштүк Азиядан чыккан 30 чет өлкөлүк жаран эмгек ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы такталды.

Аталган жарандарды Ж.А. алдамчылык жол менен ишке тартып, милдеттенмелерин бузуп, эбегейсиз зор пайда алуу максатында алардын эмгегин эксплуатациялап, убада кылынган эмгек акысын берген эмес.

Ошондой эле ал жергиликтүү ИИБнын кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алып, Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн түрмөгө камайм деп коркутуп турган.

Мындан тышкары, Ж.А. чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген миграциялык тартипти бузуп, керектүү документтерди (чет элдиктерди каттоо, эмгек визасы, иштөөгө уруксат ж.б.) даярдаган эмес. Чындыгында бул чет элдик жарандар өздөрүнүн эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенген.

Мындан тышкары, алардын жумуш орундары жана жашоо шарттары санитардык талаптарга жооп бербейт, ал эми толук тамактануу дээрлик камсыз кылынган эмес.

Мындан улам КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, аталган Ж.А. жана райондук милиция кызматкери А.А. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

УКМК мындай иш-аракеттер административдик жоопкерчиликти гана эмес, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилигине да алып келерин эскертет. Андыктан, чет өлкөлүктөрдү тарткан иш берүүчүлөр Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон документтерди толтурууга, бардык келишимдик мамилелерди аткарууга жана сапаттуу эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн