Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкектин чок ортосунда катталган жол кырсыгынан эки адам жаракат алды (видео)

29.06.2020 11:07
963
Бишкектин чок ортосунда катталган жол кырсыгынан эки адам жаракат алды (видео)

 

Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, эки жаран жаракат алды. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан тастыктады.


Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-июнда саат 19:00 чамасында Абдрахманов жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Жол кырсыгына "БМВ" жана "Тойота Ист" унаасы кабылган, анын кесепетинен 2 жаран жаракат алган. Жабыркагандардын бири аял киши.


Ал эми эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатканы айтылат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн