Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуровго ачылган кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, Амантуров мамлекетке келтирген зыяны үчүн 25 миллион 203 миң 700 сом төлөп берген.
Эскерте кетсек, Амантуров кызмат абалынан пайдаланып, коррупциялык иштерге жол берген делип, өткөн жылдын декабрь айында кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн