Бугу 10, 2024
Убакыт: 11:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкектин эпидемиологиялык абалы талкууланды (фото)

10.06.2020 20:20
883
Бишкектин эпидемиологиялык абалы талкууланды (фото)


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов шаардын эпидемиологиялык абалы боюнча Бишкек мэриясынын жетекчилиги менен жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кубатбек Боронов шаарда түзүлгөн кырдаал тынчсыздандырып жана коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылып жатканын белгиледи. 

«Шаарда күнүгө вирусту жуктургандар аныкталууда, ошол эле учурда илдет менен ооругандардын көпчүлүгүнүн инфекцияны кайдан жугузганы белгисиз. Калаада экономиканын дээрлик бардык тармактарында иш жанданып, коомдук транспорттор, ири базарлар жана соода аянттары иштеп жаткан кырдаалда вирустун жайылышын алдын алуу мүмкүн болбой калышы ыктымал. Ошондуктан абалды турукташтырып, иштөө ыкманы белгилүү бир деңгээлде алмаштыра турган иш-чараларды кабыл алуу зарыл», - деди Кубатбек Боронов. 

Шаардык түзүмдөрдүн өкүлдөрү дезинфекциялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, коомдук жайларда, короолордо санитардык талаптардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн рейддер жана тургундар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолор тууралуу маалымат беришти.

Алардын айтымында, жума сайын ири базарларды санитардык тазалоого жана дезинфекциялоого жабуу, коронавирус инфекциясына карата тесттерди өткөрүү маселесин кароо, ишкерлик субьекттер менен коомдук жайларга (мончо, бассейн, спортзал) барган жактардын эсебин жүргүзүү маселесин иштеп чыгуу, коомдук транспорт, базарлардын жана коомдук тамактануу түйүндөрүнүн кызматкерлери арасында оорунун алдын алуу иретинде скринингдик лабораториялык иликтөөлөрдү өткөрүү сунушталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн