Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгеси менен 700 000 сомдук жардам баштыкчалары жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жардамдар Бишкек шаарына, Москва, Жайыл райондоруна, Ыссык-Көл жана Баткен облусунда жашаган муктаж үй-бүлөлөргө жеткирилип берилген.
“Элибиздин башына ушундай мүшкүл түшүп турганда жардам колун сунган бардык мусулмандарга ,“Ильшат” кайрымдуулук фондуна, “Махмуд Кашкари” мечитинин имам хатиби Иляс ажы Абдувалиевге терең ыраазычылык билдирем”, - деген Садридин ажы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн