Бугу 21, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Бишкектин көчөлөрүнүн бирине асфальт төшөлүп, капиталдык оңдоо аяктады

11.08.2023 15:43
275
Бишкектин көчөлөрүнүн бирине асфальт төшөлүп, капиталдык оңдоо аяктады


Автоунаа тыгындарын алдын алуу жана унаалардын ыңгайлуу жүрүүсү үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Элебесов көчөсүнө чыгуучу Питомник көчөсүнө жаңы асфальт төшөдү.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, бул объект боюнча күн сайын "Дордой" базарынан маршруттук таксилер жана көп сандагы жеңил унаалар өтүп турат. Бүгүнкү күндө бул агым жаңы окуу жылынына даярдыктар башталышына байланыштуу жогорулады.

Бригада биринчи кезекте эски асфальтты сыйрып, таштандыларды чыгарып, топуракты пландоо жана таптоо менен алек болуп, битум эмульсиясын чачып, асфальт-бетон аралашмасын төшөп, төшөлгөн ысык асфальтты каток менен таптап, капиталдык оңдоону аяктады.

Белгилей кетсек, 10-августтан баштап жол жүрүүгө ачык.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн