Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкектин комендатурасы коронавирустан жаман, - ИИМдин мурдагы орун басары

03.04.2020 12:01
1025
Бишкектин комендатурасы коронавирустан жаман, - ИИМдин мурдагы орун басары


Бишкектин комендатурасында чектөөлөдөн улам, кезек күткөн жарандар көп. Бул тууралуу АКИpressке ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев айтты.

Анын айтуусуна караганда, ал 3 күндөн бери шаар комендатурасына уруксат кагазын алуу үчүн кайрылып, бирок алар тараптан эч кандай кыймыл болбой жатат.


“Мен заводдо эмгектенгендерге посттордон өтүүгө уруксат кагазын алайын дегем, бир нече күндөн бери документти ИИББде кармап отурушат. Депутаттарга кайрылууну сунуштады, Коопсуздук кеңешиндеги депуттатарга, ал жакта да эч ким чече албай жатат. Бүгүн Бишкектин комендатурасы коронавирустан жаман болду. Элдер көйгөйлөрүү менен кайда кайрыларын билбей отурат”, - деди Эгембердиев.


Ал ондогон адамдар ар кандай көйгөйлөр менен комендантурада кезек күтүп отурганын билдирген.


“Элдер комендатурага эмнеге келип жатат? Аларга уруксат кагаздар тойлорго керек эмес. Кимдир бирөө жакынынын тажыясына бара албай олтурат. Эч ким аларга уруксат кагазын бербей эле. Балдары айылда жашагандар, кант диабети барлар, ата-энесине дары-дармек жөнөтө албай жаткан адамдар кайрылды. Эми канчалаган адамдар дары ала албай жатат”, - деген Эгембердиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн