Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 10:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкектин мэри Азиз Суракматов отставкага кетти. Ал парламенттик шайлоого катышат

20.10.2020 14:16
495
Бишкектин мэри Азиз Суракматов отставкага кетти. Ал парламенттик шайлоого катышат


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов отставкага кетти. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. 


Ал мэр болуп турганда кандай иштер жасалганын айтып берип, анын ишин эми Нариман Түлеев улантарын белгиледи. 


"Нариман Түлеев мэр болуп турганда, мен шаардык кеңештин төрагасы болуп эмгектенгем. Бул адам шаардагы иштерди жакшы билет. Анын өзүнүн пландары бар. Ошондуктан мен Нриман Ташболотовичтен бул кызматка келүүнү сурандым. Ал түнкү саат 12:00дө гана макулдугун берди. Ал эми мен парламенттик шайлоого катышууну  чечтим", - деди Суракматов. 


Буга чейин Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалганы маалымдалган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн