Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:29
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектин мэри Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасында көчмө жыйын өткөрдү

18.01.2024 09:50
233
Бишкектин мэри Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасында көчмө жыйын өткөрдү


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кичи аренасында көчмө жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын алкагында шаар мэри спорттук жай менен таанышты.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкү тапшырмалар берилди:

- аренанын имаратын муниципалдык менчикке өткөрүү долбоорун ишке ашырууну тездетүү;

- «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы кичи аренанын эскизинин долбоорун иштеп чыгуусу;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти аренанын аймагындагы кыймылсыз мүлктүн мыйзамдуулугун текшерүүсү;

- өз аймагында жашыл зоналарды реабилитациялоо боюнча талдоо жүргүзүү жана бардык зарыл чараларды көрүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн