Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:26
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкектин мэри эл каттоодон өттү

25.03.2022 11:01
390
Бишкектин мэри эл каттоодон өттү

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иш күнүн эл каттоо анкетасын толтуруу менен баштады.


Муниципалитеттен билдиришкендей, эл каттоочу смартфондогу атайын тиркеменин жардамы менен мэрдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана турак жай фондусунун маалыматтарын тактады.


Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын эл каттоого активдүү катышууга чакырып, масштабдуу иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.


Эскерте кетсек, бүгүнтөн баштап жалпы калкты каттоо башталып, ал 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат. Эл каттоонун мөөнөтү КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.


Эл каттоого Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары өткөрүлөт.


Мындан тышкары, өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоо жүргүзүлөт.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн