Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, калаа башчысы үй-бүлөнү куттуктап, 90 миң сомдук сертификат жана азык-түлүк тапшырды.
Эске салсак, 20-декабрда Нурзида Садырбаева Нурбакыт, Нурмухамет, Нурсултан аттуу үч эмдерди жарык дүйнөгө алып келген.
Үй-бүлөдө жети бала бар – 6 уул, 1 кыз. Борбор калаанын мэриясы ата-энелерге жана балдарга чың ден соолук жана бакубатчылык каалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн