Баш оона 22, 2025
Убакыт: 10:03
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишине киришти

27.10.2020 11:36
888
Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишине киришти


Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон Балбак Түлөбаев мэриянын жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 27-октябрда билдирди. 


Маалым болгондой, аны жамаатка өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Бактыбек Аманбаев тааныштырды. 


Буга чейин Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгонун биринчи вице-мэр Нариман Түлеев билдирген болчу. 


Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматына чейин Бишкек шаардык мэриясынын аппаратынын жетекчиси кызматын аркалап келген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн