Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектин мэриясы Ак Босого конушунун тургундарын эмне үчүн эзип жатат?

16.03.2021 10:14
527
Бишкектин мэриясы Ак Босого конушунун тургундарын эмне үчүн эзип жатат?


Чүй облусунун мурдагы жетекчиси Бактыбек Кудайбергеновдун Бишкектин мэри болуп дайындалганына 2 айга чукулдап калды. Бирок, бир тыңгылыктуу аракетин эч ким көрө элек. Мындай жетекчинин айынан шаардын жашоочулары азап чегүүдө.


Биздин редакцияга борбор калаанын Ак Босого конушунун тургундары кайрылып, жакында чоң митингге чыга турганын билдирди. Алардын айтымында конуштун майда көчөлөрү эле эмес борбордук көчөлөрүнүн тамтыгы чыгып, белден ылай кечип, ал аз келгенсип коомдук унаалар жүрбөй жатыптыр. “21-автобус мурда жакшы эле каттап турчу. Азыр автобусту күтүүгө 1-2 саат убакыт кетип жатат. Жергиликтүү жетекчилер да ооз ачып койбойт. Автобустун айдоочуларына арыздансак “мэрияга айтпайсыңарбы, автобус бөлүп берсин, 2 эле автобус кантип бир каттамды тейлесин?” деп алакан жаят. Окууга, жумушка барган адамдар 1 саат автобус күтөт, ал келбей калса ылай кечип 2 чакырым жол жүрүшкө туура келет. Жок дегенде коомдук унаалады жүргүзүп койбойбу? Мынчалык элди эзип жатасыңар!”, - деп бийлик өкүлдөрүнө конуштун Назгүл аттуу тургуну кайрылды.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн