Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл ала баштады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.
Белгилей кетсек, “КРнын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 6-августундагы №643 токтомуна ылайык Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалып, шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.
Мыйзамдарга ылайык шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана КР министрлер кабинетинин төрагасы укуктуу.
Каттоо үчүн Бишкек шаар мэринин кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субъект 2021-жылдын 20-августунан кечиктирбестен саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечимин;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызын;
3) талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган күнү, ээлеген кызматы (ишинин түрү) жана жашаган жерин көрсөтүлгөн өмүр баянынын маалыматтарын;
4) “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарын ырастаган тиешелүү документтерди (Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, жогорку билим жөнүндө дипломдун жана эмгек китепчесинин нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсү);
5) шаар мээринин кызмат ордуна талапкерде соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалымкатты же соттуулугунун жоюлгандыгы жөнүндө (оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугунан тышкары) соттун мыйзам тартибинде белгиленген чечимин;
6) мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификатты;
7) белгиленген формадагы жеке маалыматтарды жыйноого жана иштеп чыгууга толтурулган макулдук (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген).
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлерди көрсөтүү шарттары жана тартиби тууралуу КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтына жайгаштырылган “Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” Жободон кеңири таанышса болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн