Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:37
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Бишкектин мурдагы башкы архитектору кармалды

Бишкектин мурдагы башкы архитектору кармалды


Бишкектин башкы архитектура мекемесинин мурдагы жетекчиси жемкорлукка шектелип кармалганын 1-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Комитеттин маалыматына караганда, борбор калаанын мурдагы башкы архитектору А.К.К. «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгын жетектеп турганда кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген чечимдерди кабыл алып, Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик мекемелерди долбоорлоо жана куруу боюнча уруксат документтерин мыйзамсыз жаздырып берген деп шектелүүдө.

Мурдагы жетекчиге курулуш компаниялары менен жең ичинен сүйлөшүп алып иштеген деген айып тагылып жатканы, жер тилкесин рейдерлик басып алуу фактысы да аныкталганы кабарланды.

Атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынган мурдагы башкы архитектордун ишине байланыштуу тергөө иштери уланып жатканы маалымдалды.

УКМК анын аты-жөнүн ачык жарыялаган жок. Айрым маалымат каражаттары кеп Канат Анарбеков тууралуу болуп жатканын жазышты. Анарбеков бул мекемени 2021-жылдын 15-июлунан быйылкы жылдын 23-июнуна чейин жетектеген.

Кылмышка шектелип жаткан мурдагы жетекчинин жактоочулары азырынча комментарий берише элек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн