Жетинин айы 26, 2025
Убакыт: 07:37
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.090
1.130

Бишкектин мэринин мурдагы милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев 2 айга камалды

22.03.2022 09:54
651
Бишкектин  мэринин мурдагы милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев 2 айга камалды

Бишкек шаарынын мэринин мурдагы милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айга камалды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.


Маалыматка ылайык, 22-мартта Нургазиевдин баш коргоо чарасы каралып, сот аны 2 айга камоо чечимин чыгарган.


Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, Эрмек Нургазиевдин үстүнөн 7 арыз түшкөн. Жалпы зыяндын чыгымы 8 миллион сомго жакындаган.


Эске салсак, Эрмек Нургазиев 18-мартта ири алдамчылыкка шектелип кармалган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн