Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мурдагы мэрлеринин тагдыры анын башына келбейт деп эсептейт. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, ал болгон күчүн шаарды өнүктүрүүгө жумшайт.
"Бишкек шаарында менин жеке кызыкчылыгым жок. Мен эч кандай бизнеске аралашкан эмесмин.
Ошондуктан болгон күчүмдү жана убактымды шаарды өнүктүрүү үчүн жумшайм. Мурдагы мэрлердин тагдыры мага келбейт деп ишенем",- деди жаңы мэр Жунушалиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн