Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 21:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкектин мурдагы вице-мэри үй камагына чыкты

28.03.2023 16:34
369
Бишкектин мурдагы вице-мэри үй камагына чыкты

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын мурдагы директору болуп иштеген С.Р.А. (Сарпашев Рыспек Анакович) үй камагына чыкты. Мындай чечим Биринчи май райондук сотунда кабыл алынды.


C.P.A. 2023-жылдын 9-апрелине чейин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынып, сот залынан бошотулду. Сот Сарпашев 5 млн 167,5 миң сом зыяндын ордун толтурганын белгиледи.


Эскерте кетсек, УКМК тарабынан Рыспек Сарпашев кармалып, ага карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн