Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:20
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектин "Туңгуч" кичи районунда жолдорду капиталдык оңдоо иштери башталды

26.08.2024 14:24
192
Бишкектин "Туңгуч" кичи районунда жолдорду капиталдык оңдоо иштери башталды

"Туңгуч" кичи районундагы эки көчөдө капиталдык оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу маалымат Бишкек мэриясынын сайтына жарыяланды.

Учурда Ауэзов көчөсүндө Анкара көчөсүнөн Чоң-Чүй каналына чейин бордюрлар орнотулуп, эски асфалты сыйрылып, тротуардын негизин даярдоо иштери аяктады. Мындан тышкары, тротуарды кеңейтүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле аталган кичи райондогу №36/2 үйдүн түштүк тарабынан, №7 үйдүн түндүк тарабынан №181 үйгө чейинки жолду капиталдык оңдоо иштери башталды. Учурда жаңы ирригация системасын орнотуу пландалууда.

Белгилей кетсек, жолдор "Чүйдорсервис" ЖЧК подряддык уюму тарабынан оңдолууда.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык, борбор калаанын аймагындагы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштерин улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн