Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:45
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектин түндүк тарабына 34 километрлик айланма жол курулат

10.02.2022 09:58
515
Бишкектин түндүк тарабына 34 километрлик айланма жол курулат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын айланма жолдорунун схемасынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.


Жыйынга транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү Бишкек шаарынын 34 км созулган түндүк айланма жолун куруу долбоорунун бетачарын тартуулады. Долбоордо транспорт түйүндөрү, тротуарлар, жөө жүргүнчүлөр үчүн бир катар өтмөктөр каралган.


Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров долбоорду, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк вариантын иштеп чыгып, техника-экономикалык негиздемени даярдоону тапшырды.


Ошондой эле ал жолдорду оңдоо жана куруу иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, анын ичинде Баткен облусунун аймагындагы унаа жолдорун кыска мөөнөттө оңдоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн