Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:59
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкектин тургуну: Балбак Түлөбаев накта популист!

22.12.2020 10:21
1185
Бишкектин тургуну: Балбак Түлөбаев накта популист!

Балбак Түлөбаев  берген убадаларын аткарбайт. Бул тууралуу шаар тургуну Акматалиев  Kaktus.media  сайтына кайрылган. 


Анын  айтымында, ал сентябрь айында эле "Кадастр" жана "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемелеринин жетекчилеринин жүргүзгөн ишин текшерүү максатында Азиз Суракматовго жана Жаныбек Абировго кайрылган. 


"Суракматов менен Абиров баш тартышып,  муну укук коргоо органдары жасашы керектигин белгилешкен. Мэрияда коррупция жана ички аудит сектору бар болсо дагы, мен аларга бул жаатта жардам бергим келди, бирок баш тартышты. Анда бул эки бөлүм эмне кылып жатышат?  Мен дагы деле түшүнбөйм",- дейт шаар тургуну.


Октябрь окуяларынан кийин  мэр Балбак Түлөбаев социалдык тармактарда муниципалитеттин структураларында, анын ичинде башкы архитектура ж.б. мекемелерди текшерерин айткан. 


Акматалиев кайрадан Түлөбаевге кайрылуу жазган. Бирок арыз канаатандырылган эмес. 

Акматалиев өзү сатып алган жерге үй салууну баштаганда анын жерин  чиновниктер тартып алган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн