Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:01
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Бишкектин түштүгүндө 30 гектар жерге заманбап стадион эмес, өкмөткө караштуу шаарча курулабы?

17.03.2021 17:50
1133
Бишкектин түштүгүндө 30 гектар жерге заманбап стадион эмес, өкмөткө караштуу шаарча курулабы?

Бишкектин түштүк тарабына спорттук комплекс куруу үчүн 2019-жылы бөлүнгөн 30 гектар жер өкмөттүн балансына өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарынын билдиргенин жазды.


Маалыматка ылайык, буга чейин “Административдик шаарчаны куруу үчүн жер тилкелерин өткөрүп берүү жөнүндө” жарлыктын долбоору иштелип чыккан. Бирок, документке кол коюла элек.


Белгилей кетсек, буга чейин аталган жер Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Спорт объекттерин башкаруу жана спортту колдоо" мамлекеттик мекемесине мөөнөтсүз колдонууга берилген.

Заманбап стадиону бар спорттук шаарчанын ордуна өкмөт мамлекеттик мекемелер үчүн турак жай комплекстерин жана имараттарды курууну көздөп жатат.

Бардык мамлекеттик органдар шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыгы мындай кадамга барууга себеп болгон.


Эске салсак, 2019-жылы алгач өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков спорттук шаарчанын курулушу жөнүндө айтып, андан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жер тилкелерин курулушка берүү жөнүндө буйрукка кол койгон.

Болжол менен шаарчага 30-35 миң орундуу футболдук стадион, универсалдуу спорт сарайы, муз аренасы жана олимпиадалык стандарттагы жабык бассейн курулмак.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн