Бишкек шаарында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун, Ленин районунун акими Руслан Тагаевдин, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиевдин, ошондой эле «China Road and Bridge Corporation» кытай компаниясынын өкүлдөрүнүн жана шаар тургундарынын катышуусунда Жайыл баатыр көчөсү Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышы болду. Бул тууралуу муниципиалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы алты тилкелүү жол чыгыш-батыш багытындагы Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат. Негизги жолдун боюнда жашаган шаар тургундарынын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү маанидеги жол каралган.
Белгилей кетсек, жол айланма болуп Муромский, Б.Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2 өтмөгүн бириктирет, бул борбор калаанын түштүк тарабында жайгашкан жолдордо тыгындарды азайтууга мүмкүндүк берет.
Курулуш Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө- жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн