Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектин түштүк тарабында чектөөгө алынган аймагы кеңейтилди

02.04.2020 12:23
549
Бишкектин түштүк тарабында чектөөгө алынган аймагы кеңейтилди

 

Бишкектин түштүк тарабы дагы карантиндик чектөөгө алынды. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат.

 

Алар төмөнкү көчөлөр:

Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;

Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;

• Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектинин түндүк тарабы;

Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.

 

Маалыматка таянсак, мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин чектөөгө алынган Бишкектин борбордук бөлүгүндөы дезинфекция иштери кайрадан улантылары айтылды.


Карта:




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн