Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектин вице-мэри: Базарда гезит сатып жүргөнмүн

26.07.2021 13:11
797
Бишкектин вице-мэри: Базарда гезит сатып жүргөнмүн

Базарда гезит сатып иштегенмин. Мындай пикирин Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев "Супер.кг" порталына билдирген маегинде билдирди.


"1998-жылы тоодо мал чарбачылыгы менен алектенчүмүн, ошол учурда жубайым катуу ооруп калды. Ошол себептен биз Бишкекке келип калдык. Аялым ооруканада жатып калганда мен ар кандай жумуштарда иштегенге туура келди. Базарга чыктым, гезит саттым. Аны сатып жүрүп жакшы адамдар менен таанышып калдым, бизнеске өтүп кеттим. Мен убагында базарда гезит сатып жүргөнүмдү досторум билет. Келинчегим Улуттук онкология борборунда жатып, бир жылдан кийин каза болуп калды. Ошондо ооруканадагы керебеттин башында жалгыз эле сүрөтүм калыптыр. Ошол келинчегиме арнап, "Жалгыз сүрөт" деген аталыштагы китеп жазгам. Келинчегим ооруканада жатканда ар дайым "мен көрбөгөн жакшылыкты Жамал көрсүн" деп дуба кылчу, келинчегимдин ошол дубасы ушул күнгө жеткирди", - деди Ырсалиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн