Бишкекте тургунду сабады делинген УКМКнын кызматкери Чынгыза Айманбаевдин эжеси Асель Айманбаева, мушташкандарды ажыратканда анын колун курч нерсе кесип кеткенин айтат.
Айманбаеванын айтымында, мушташты Молдокеев баштаган. Ал эми окуя Молдокеевдин жубайынан башталган. Ал эки жаш баланы урган, анын бири Чынгыз Айманбаевдин уулу, экинчиси Алмаз Бакетаевдин уулу болгон.
“Баардыгы күбө, Чынгыз Молдокеев мас абалында болгон, анын колунда курч нерсе бар болчу, менимче бычак болсо керек. Ал колундагы нерсе менен Чынгызды сайганда кан кетти, андан кийин кулагын кести. Алардын жанында эркектерден эч ким болгон эмес, биз коркуп жаман нерсе болуп кетпесин деп, аны токтотконго аракет кылганда мага бычак менен жаракат келтирип, колуму кесип салды. Ошол эле күнү төртүнчү шаардык ооруканага кайрылып, колумду 8 жеринен тикти”, - дейт Асель Айманбаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн