Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:07
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкектин вице-мэринин кармалышынын себеби белгилүү болду

15.04.2024 12:41
103
Бишкектин вице-мэринин кармалышынын себеби белгилүү болду


Бишкектин вице-мэри С.М.Ш. (Сазыкулов Максатбек Шекербекович) мыйзамсыз курулган коммерциялык объектилерди калкалаганы үчүн кармалды.

"Кабар" агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан муниципалдык органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык механизмдерди демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иштердин жүрүшүндө Бишкектин вице-мэри тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мурда Бишкек шаарынын администрацияларынын биринин жетекчиси болуп турган С.М.Ш., мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкердик субъектине негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурган.

Тактап айтканда, С.М.Ш. мыйзамсыз түрдө өзүнүн компетенциясынын чегинен чыгып, шаардын так ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин ак ниетсиз ишкердик субъектине бөлүп берүү боюнча көрсөтмө берген. Аталган жер тилкесинин базар баасы бүгүнкү күндө 200 миң АКШ долларын түзөт.

Аны менен катар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун профилдик органдары тарабынан аянты 300 чарчы метр болгон бул коммерциялык объектти эч кандай уруксат берүүчү документтери жок куруу фактысы аныкталган. Ошонун негизинде объект белгиленген тартипте бузулууга тийиш болгон. Бирок, С.М.Ш. өзүнүн ыйгарым укуктарын колдонуп, бул процессти ар тараптан токтотуп, ар кандай тоскоолдуктарды жараткан. Натыйжада, мыйзамсыз объект демонтаждалган эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу болуусу үчүн курулган объектинин ордунда сейил бак жашылдандырылган. Аянтты көрктөндүрүү боюнча тендер да С.М.Ш. тарабынан демилгеленип, аны өткөрүүдө да коррупциялык факты аныкталды.

Алсак, аянтка жергиликтүү бюджеттен 17 млн сомдон ашык каражат жумшалса, курулуш экспертизасынын алдын ала анализинин жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштер 6-7 млн сомго ашыкча бааланган.

Аталган факты боюнча өзүнчө иш жүргүзүлүп, текшерүү иш-чаралары уюштурулуп, керектүү экспертизалар дайындалды.

УКМК тарабынан чогултулган материалдардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын вице-мэри С.М.Ш. жана ишкер Т.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан аталган иштин бардык жагдайларын, жогоруда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн