Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров алгачкы жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Абыдкадыровдун алгачкы жыйыны Бишкек шаарында Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округунда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу өттү.
Жыйынга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана шаардык прокуратуранын кызматкерлери катышты.
Борбор калаанын мэри шайлоодо мыйзам бузуулардын алдын алуу жана мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүнү тапшырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн