Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектин жаңы мэри шаардыктарга кайрылуу жасады

10.02.2021 12:08
634
Бишкектин жаңы мэри шаардыктарга кайрылуу жасады

Бүгүн дайындалган Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардыктарга кайрылуу жасады. 


«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Марипов Улукбек Асамидинович тарабынан Бишкек шаарынын мэринин кызматын убактылуу жетектөө чечими чыкканын маалымдоо менен, алдыга коюлуп жаткан артыкчылыктуу иш алып баруу планымды кыскача тааныштырып өтүүнү туура көрдүм.

Албетте, азыркы учурда шаардыктар менин иш планым, актуалдуу маселелерге болгон жеке көз карашыма кызыкдар. Бишкек шаары борбор калаабыз болгондуктан ар бир сунуш, долбоор, чечим, дыкат ойлонулуп реалдуу болушу мен үчүн негизги принцип. Шаардыктардын күнүмдүк жашоосунан баштап, келечектеги пландарга болгон суроо-талабын аз күндө деталдуу көрсөтүп, атайын маалымат жыйын өткөрүп, маалымат берем.

Бирок, алдыма койгон эң башкы милдеттердин алдыңкы онун сиздерге сунуштайм. Ар бир багыт боюнча мэриянын бул убакытка чейинки иш планы ыкталып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болоорун эскертип кетким келет.

Эпидемиялык абалды жөнгө салуу жана КОВИД-19га каршы иш-чараларды натыйжалуу уюштуруу;

Бишкек шаарынын башкы планын ачыктыгын камсыздоо;

Шаардык бюджеттин толукталышынын жана сарпталышынын ачыктыгын камсыздоо;

Ар бир муниципалдык кызматтын жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо жана уюштуруу;

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;

Шаардык коомдук транспортторду экологиялык талапка жооп берүү иштерин тездетүү;

Шаардыктардын суроо талаптарын ыкчам чечүү багытында санариптештирүү тиркемесин тез арада киргизүү;

Муниципалдык жетекчилердин жана кызматкерлердин ишин баалоо KPI индикаторлорун киргизүү;

Шаардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдыруу, муниципалдык менчиктердин иштөө статусун ачыктыгын камсыздоо;

Буга чейинки кабыл алынган программалар, стратегиялардын аткарылышын толугу менен карап чыгуу, анализдөө жана жыйынтыгында тиелешүү чараларды кабыл алуу.

Урматтуу шаардыктар, бул негизги багыттар сиздердин суроо талап менен толукталып кенен, деталдуу форматында да талкууга салам. Шаардыктар менен биргеликте аз убакытта мэрия эффективдүү иш алып барат деп кепилдик берем.

Урматым менен, Бишкек шаарынын убактылуу мэрдин милдетин аткаруучу Кудайбергенов Бактыбек Жапарович», - деп айтылат жаңы мэрдин кайрылуусунда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн