Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектин жашоочусунун үйүнөн 4 тонна таштанды чыгарылды

28.07.2022 15:31
541
Бишкектин жашоочусунун үйүнөн 4 тонна таштанды чыгарылды


Бишкектин жашоочусунун үйүнөн таштанды чыгаруучу бригада 4 тонна таштанды чыгарган.

"Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таштанды Байтик-Баатыр №13/Б көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдөн чыгарылган.

Маалыматта айтылгандай, үйдүн кожойкеси көп жылдан бери таштандыларды чогултуп келген. Коңшулары адам чыдагым жыт болуп жаткандыгын айтып тиешелүү кызматтарга кайрылышкан.

Жерине барган бригада үйдүн короосунан 4 тонна үй-тиричилик таштандыларын чыгарган. Үй ээси менен санитардык нормаларды бузууга жол бербөө боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн