Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы мамлекетке 74 миллион сом зыян келтирген

11.11.2022 16:16
382
«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы мамлекетке 74 миллион сом зыян келтирген

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы мамлекетке 74 миллион сом зыян келтирген. 


Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасында (МИ) текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 74 млн. 28 миң сомдук товардык-материалдык запастардын (ТМЗ) жетишпестиги аныкталган.


 "«Бишкекжарык» МИнин жетекчилиги жана жооптуу кызмат адамдары, өз кызмат абалдарын кыянаттык менен кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен, 2020-2022-жылдар аралыгында ишкананын товардык-материалдык запастарынын эсебин жана алардын кыймылын өз убагында жүргүзүүнү атайылап камсыз кылышкан эмес. 


Мындан сырткары, ишкананын кампасынан жооптуу кызматкерлерге ар кандай түрдөгү товарлар эч кандай негизсиз, тастыктоочу документтери жок эле, алардын жоопкерчилигинде ири өлчөмдөгү калдыктары болгондугуна карабастан, алар боюнча аткарылган иштердин актыларын албай туруп, эсептен чыгарбастан жана көзөмөлсүз берилип келген. Натыйжада, жалпы суммасы 74 млн. 028 миң сомдук ТМЗнын жетишпестигине (уурдоо же жоготуу жолу менен) жол берилип, өзгөчө ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген",- деп айтылат маалыматта.


Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен эки кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн