Быйыл жай мезгилинде Кыргызстанга келген туристтердин агымы көбөйдү.
Aviasales.kg (авиасалес) изилдөөсү боюнча 2022-жылы чет элдиктер өткөн жылга салыштырмалуу билеттерди эки эсе көп издешкен.
Кыргызстанга көбүнчө Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Германиядан келишүүдө. Өткөн жайга салыштырмалуу россиялыктар арасында билетке болгон суроо-талап 98%, түркиялыктарда 77% өскөн. Өзбекстанда Кыргызстанга 119%, Казакстанда 5%га көбүрөөк билет издешкен. Германиянын тургундарынын арасында суроо-талап 141% га өскөн. Кыргызстанга билеттердин баасы дагы өзгөрүп, Россиядан билеттердин орточо баасы 14 миң 250 сомду түзсө, өткөн жылы ушул мезгилде баалар 40%га төмөн болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн