Бишкекте кошумча 15 жаңы мектеп салынса, анда көйгөй чечилерин "Кабар" маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы бала бакчалардын курулушуна көбүрөөк көңүл бурулат.
"Биз мектептерди куруп жатканда шаардыктар бала бакчаларга көңүл буруп, аларды курууну суранышкан. Быйыл 12 бала бакча жана 1 мектеп курууну пландап жатабыз, айрыкча конуштарга. Бирок мектепти салуу уланат. Жеке жактар мектеп кура турган болсо, жер болу берүү, коммуникация маселесин чечип беребиз”, - деди ал.
Мэриянын маалыматына ылайык, 2023-жылы имараттардын титулдук тизмесинин долбоорунда төмөнкүлөр каралат:
- 130 орундуу "Сетун" бала бакчасын оңдоо жана калыбына келтирүү;
- №31 бала бакчаны 100-орундук оңдоо жана калыбына келтирүү иштери;
- "Ак-Ордо" конушундагы 280 орундуу бала бакча;
- "Арча-Бешик" конушундагы 180 орундуу бала бакча;
- "Келечек"конушундагы 100 орундуу бала бакча;
- "Дордой"конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Көк-Жар"конушундагы Молдокулов көчөсүндөгү 280 орундуу бала бакча;
- "Кыргызстан-1" конушундагы Самойленко көчөсүндөгү 140 орундуу бала бакча;
- "Калыс-Ордо" конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Мурас-Ордо" конушундагы 320 орундуу бала бакча;
- "Учкун"конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Бакай-Ата" конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Ак-Босого" конушундагы 140 орундуу бала бакча;
- "Ак-Бата"конушундагы 660 орундуу мектеп.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн