Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Быйыл Бишкекте бир нече жаңы мектептер курулуп, айрымдары оңдоодон өтөт

27.01.2022 16:08
616
Быйыл Бишкекте бир нече жаңы мектептер курулуп, айрымдары оңдоодон өтөт

Бишкек шаарынын мэриясы быйыл 16 жаңы мектеп жана кошумча корпустарды куруу пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Шаар мэри Айбек Жунушалиев билим берүү мекемелерин куруу маселеси боюнча курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуккан.


Маалыматка ылайык, Көлмө, Ак-Босого, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Ордо жана Ак-Бата конуштарына жаңы мектеп салынат. Ал эми №6, №40, №20, №75, №73, №88 мектептерге кошумча корпус тургузулат. Мындан сырткары, №76 жана №10 билим берүү мекемелери капиталдык оңдоодон өтөт. Аны менен катар №35 мектепке спорт зал курулмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн