Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Быйыл Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында белгиленет (программасы)

16.08.2023 17:31
423
Быйыл Эгемендүүлүк күнү Ош шаарында белгиленет (программасы)


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ошто Эгемендүүлүк күнү кандай белгиленери боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, 31-августта Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында КР Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы жана КР мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик маанидеги иш-чаралар өтөт.

Программанын долбоору:

- Ош шаарында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү (Сулайман-Тоо);
- КР мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференция жана Насирдин Исановдун эстелигинин ачылышы (ОшМУ);
- "Ош – достуктун шаары" иш-чарасы (Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры);
- спорттук мелдештер (Ахматбек Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадиону);
- ат оюндары (“Төлөйкөн” ат майданы);
- майрамдык салтанаттуу иш-чаралар (Ош шаарынын борбордук аянты).

Иш-чараны чагылдырууну каалган ММК өкүлдөрү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Басма сөз кызматына кайрылуусу керек.

ЖМК өкүлдөрү иш-чарлар өтө турган жерлерге өздөрү барышат. Журналисттерди жеткирүү каралган эмес.

Аккредитация 2023- жылдын 28-август күнү саат 18:00 токтотулат. Байланыш номерилери: 0703 100 683, 0557 565 691, 0703 342 710.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн