2022-жылы 79 бала Кыргызстанга кайтарылган, алар апалары менен бирге Багдаддын (Ирак) түрмөлөрүндө кармалып турган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.
Жалпысынан быйыл оор турмуштук кырдаалга туш болгон 105 бала Кыргызстанга кайтарылды, анын ичинен 24 бала Орусиядан, 2 бала Казакстандан.
Аткаминердин айтымында, учурда Кыргызстанда ата-энеси чет өлкөдө жүргөн 79 805 бала жашайт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн