Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Быйыл Ысык-Көлдө туристтердин саны аз, - облус башчыcы

15.06.2020 16:58
1202
Быйыл Ысык-Көлдө туристтердин саны аз, - облус башчыcы


Быйыл Ысык-Көл облусунда туристтердин саны аз. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев "Биринчи радионун" түз эфиринде пандемия шартында Ысык-Көлдө туристтик сезон болобу? деген суроонун алкагындагы талкууда билдирди.


Бул уктурууга Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу, Кыргыз туризм ассоциясынын аткаруучу директору Асылбек Раджиев, ооруларды алдын алуу жана көзмөлдөө департаментинин адиси Мария Кушубакова жана түз байланыш аркылуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев катышууда.


Облус башчынын айтымында, пандемияга байланыштуу элде кооптонуу бар. 


"Ысык-Көл облусуна 1-июндан баштап эс алуучулар үчүн жол ачылды. Ага карабай элдин ичинде кооптонуу бар. Быйыл туристтердин саны аз. Бирок, бизде үмүт чоң. Өткөн 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча облуска келген туристтердин 83%ын өлкөнүн ичинен келгендер түзсө, 13%ын КМШ өлкөлөрүнөн жана 2%ын Европа өлкөлөрүнөн келгендер түзгөн. Азыр чет жерде иштеп жүргөн кыргыз мигранттар мекенине кайтып жатышпайбы. Быйыл Ысык-Көлгө келген ички туристтердин саны көбөйөт деп үмүт кылабыз", - деди А.Осмоналиев. 


Ошондой эле ал эгер облуста оору катталса, атайын орундуктар даярдалганын айтты. 


"Чолпон-Ата шаарында Саламаттыкты сактоо министрлигине тийиштүү "Алтын балалык" пансионаты бар. Аны обсервация кылууга даярдап жатабыз.  Мекемеде 50дөн ашык орун бар. Буга чейин облус боюнча коронавирустун алдын алуу максатында 2815 орун даярдалган эле, алардын пайдасы тийген жок. Бейтаптар ооруканаларда гана дарыланып жатышты. Учурда эс алуучуларга шарт түзүү максатында бардык аракеттерди көрүп жатабыз", - деди облус башчысы. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн