Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Быйыл Кыргызстан эт азыктары менен өзүн 89%га камсыз кылган

23.12.2022 10:52
537
Быйыл Кыргызстан эт азыктары менен өзүн 89%га камсыз кылган



Быйыл Айыл чарба министрлиги азык-түлүк коопсуздугу жаатында алдыга койгон максаттарга жетти. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.


Анын айтымында, министрлик республиканы негизги делген айыл чарба азыктары менен камсыз кылууга жетишти.


“Былтыркы жылга салыштырмалуу көрсөткүч жогору. Алсак, былтыр азыктык буудай менен өзүбүздү 40%дын тегерегинде камсыз кылган болсок, быйыл бул көрсөткүч 72%га чыкты. Ошондой эле быйыл кант кызылчасынын аянты азайганына (10,2 миң гектардан 9 миң гектарга) карабастан, өндүрүлгөн кант былтыркыга салыштырмалуу 25%га көбөйүп, ошону менен биз өзүбүз өндүргөн кумшекер менен 65%га, ал эми жумуртка менен 56% камсыз болдук”, - деди ал.


Мындан тышкары, министр негизги азык болуп саналган сүт, картошка жана жашылчалар менен былтыр дагы өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганыбызды, быйыл бул позицияга эт дагы дээрлик киргенин белгиледи.


“Быйыл биз Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба, мал жана канаттуулардын эти менен 89%га өзүбүздү камсыз кылдык. Кыргызстанда көрсөткүчтү артка тартып турган бул өсүмдүк майы. Өсүмдүк майы менен былтыр 12%га гана камсыз болсок, быйыл бул көрсөткүч 20%дан жогору болду”, - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн