Автоунаа чыгаруу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек заводунун быйыл ишке кириши пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, былтыркы жылдан бери аталган багытта тиешелүү иштери жүргүзүлүп жатат.
"Салык жана бажы алымдарына байланыштуу айрым көйгөйлөр болду. Анткени Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө, ал эми Өзбекстан мүчө эмес. Бирок биз бир пикирге келе алдык. Бүгүнкү күндө бардык документ иштери аяктап калды. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик визитинин алкагында жыйынтыктоочу документке кол коюу күтүлүүдө. Ишкана түптөлгөндөн кийин бир жылдын ичинде өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда", - деди Кулубаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн